Кошумча финансы ресурстарын тартуу боюнча ар кандай иш чаралар өткөрүлүп, демөөрчүлөр жана жергиликтүү бийлик тарабынан колдоолор көрсөтүлүп турат.
Кошумча финансы ресурстарын тартуу боюнча фокустоптук чогулуштар:
Мектептин алдында көмөкчү чарба бар 3 га. Бул жерге көп жылдык чөп айдалган. Мындан түшкөн каражаттар мектептин ички ремонтуна жумшалып турат. Себеби мектепке мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражаты жетишпейт.
Мектеп алдына жыл сайын гүлдөрдү отургузууга 10000 сом жумшалат.
2020- окуу жылында демөөрчүлөр тарабынан класстардын шкафтары жаңыртылып берилди.
2019-2021- окуу жылына карата 12 класстын эшги алмаштырылган.
2020-жылы ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 12 класстын доскасы жаңыртылып берилген:
Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 50000сомго лампалар жаңыртылып берилген:
2020-2021-окуу жылында тартылган инвестиция 538 580 мин сомду түзгөн. Мындан сырткары мектептин 2 кабинети замандын талабына жараша Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин үй бүлөсүнүн демилгеси менен 1 млн сомго жасалып берди.
Ага Хан фонду тарабынан билим берүү технологиялары 355 580 миң сом алынды.
Ашкананы ремонттоого 80 000сом жумшалды.
2019-жылы мектептин алдына 70000 сомго брусчатка төшөлгөн:
Ашканага 70000сомго балдар отуруп тамак ичүүчү стол, стул ата-энелер тарабынан алынып берилген:
Мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрүнүн атынан 35000сомго скамейкалар орнотулуп берилди:
«Акун» компаниясы тарабынан 3 окуучуга 9000 миң сомдон, «Абакирова Какин» атындагы стипендия 2 окуучуга 5000 сомдон жалпы жылына 37000 сом стипендия менен каржылап келет.
Алтын тамганын жеңүүчүлөрүнө 10000 сом өлчөмүндөгү колдоолор көрсөтүлдү.
«Акун» компаниясы 2004-жылдан бери мектебибизди 2миллион сом менен каржылаган. Анын ичинде жыл сайын 48000сомго эки мыкты мугалимге «Акун» пансионатына жолдомо берилет: