1.1 Окуу кабинети жөнүндөгү жобо.
1.1 “Мектептеги кызматкерлерди жумушка кабыл алуу жана бошотуу тартиби”
1.1 Абылкасым Жутакеев орто мектебине мектеп жашындагы балдарды кабыл алуу жобосу.
1.1 Мектептеги тейлөө кызматкерлеринин иштөө тартиби боюнча нускамалар.
1.1 Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча жобо.
•мектептин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөгү жобо
•окуу процессин уюштуруу боюнча жобо
•мектеп окуучуларынын күндөлүгүн жүргүзүү,толтуруу жана текшерүү жөнүндө жобо
1.3 педагогикалык кеңешмесин өтүүнүн жобосу
16 жашка толгон окуучуларды аскер комиссариатынан мед кароодон өткөрүү боюнча буйрук
Насаатчы мугалимдерди дайындоо боюнча буйрук
Камкорчулар кеңешинин биргелешкен иш планына киргизүү жөнүндө буйрук
Өрт кошуунун түзүү жөнүндө буйрук
мугалимдердин ишине баа берүү бонча комиссия тузүү жөнүндө буйрук
Эмгек стажды аныктоо жөнүржөгү буйрук
Тарификациялык комиссия түзүү жөнүрдө буйрук
Конфликттик коммисияларды түзүү жөнүндө буйрук
Көзөмөлчдүк жүргүзүү комиссия түзүү жөнүндө буйрук
Ысык тамак берүүнү көзөмөлгө алуу жөнүндө буйрук
Бракераждоо комиссиясын түзүү жөнүндө буйрук
Насаатчы мугалимдерди дайындоо жөнүндө буйрук
Насаатчы дайындоо жөнүндө буйрук
Көзөмөлчү кеңешинин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө буйрук
“Мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу” – Кыргызстандын Билим берүү министрлиги “БИОМ” экологиялык кыймылы жана Конрад Аденауэр фондусу менен биргеликте иш жүзүнө ашырып жаткан долбоордун аталышы ушундай. Долбоорду Европа Шериктештиги каржылоодо.
Коопсуз мектеп чөйрөсү – бул окуучунун муктаждыктарын камсыздоого багытталган жана да анын толук коопсуздугун камсыздап, болгон тобокелчиликтердин мүмкүндүгүн азайткан чөйрө. Балдардын социалдык, психологиялык, физикалык жана экологиялык коопсуздугу – чоңдордун негизги милдеттери. Бардык билим берүү жараяндарынын, бардык мектептердин борборунда конкреттүү бала турат. Долбоордун максаты – мектептин алкагында бул бала үчүн коопсуз чөйрөнү түзүп берүү. Ал эми журналисттик коомчулук маалыматтык жардам көрсөтө алат. “Жаңы жүздөр”дүн редакциясы да четте туралган жок. Биз окуучулардын коопсуз чөйрөсү тууралуу комикстерди жарыялай баштадык.
“Билим берүү мыйзамында окутуу жараяны учурунда дене-бой жана психологиялык зомбулукту колдонууга жол берилбегендиги ачык айкын жазылган. Мыйзам – сиз тарапта”, — дейт Айбек Батыров, юрист.
“Мектепте теңтуштары шылдыңдап, кордогон балдарда посттравматикалык стресстик бузулуу байкалат. Ушундай эле нерсе теракттардын курмандыктарында, согуштан кайтып келген ардагерлерде, согушту, геноцидди, табигый кырсыктарды баштарынан кечирген адамдарда байкалат. Тажрыйба көрсөткөндөй, курмандыктарды коргогондон көрө, кордогон кишини токтотуу жыйынтыктуурак. А демек, биз балдарыбызды аларга кысым көрсөткөндөргө туруштук бергенди гана эмес, башкаларды да коргоп, аларды жалгыз катырбоого үйрөтүшүбүз зарыл”, — дейт Ирина Лукьянова, психолог.
“Ата-энесинин мээримине тунган балдар кумар оюндарына кызыкпайт. Бул жерде адамдын өзүн-өзү урматтабай, баалабай калышы чоң мааниге ээ, мындай адам жалгызсырап калат. Мына так ушундай гана болот”, — дейт Екатерина Демина, балдар психологу жана мугалим.