Мугалимдин статусу жөнүндө жобо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Мугалимдин статусу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын

2005-жылдын 18-июлундагы N 105,

2005-жылдын 30-июлундагы N 117,

2006-жылдын 28-декабрындагы N 210,

2009-жылдын 25-июнундагы N 189,

2010-жылдын 26-мартындагы N 56,

2011-жылдын 8-августундагы N 150

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I Глава. Жалпы жоболор

II Глава. Мугалимдин укуктары

III Глава. Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги

IV Глава. Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана

квалификациясын жогорулатуу

V Глава. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, мугалимдин иши менен байланышкан укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.

I Глава

Жалпы жоболор

1-статья. Мугалимдин статусунун мазмуну

Мугалим — зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу киши.

Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.

Мугалим Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Мугалимдик статуска ээ болгондор

Кыргыз Республикасынын жана башка ар кандай өлкөнүн зарыл болгон педагогикалык билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон, ар түрдүү типтеги жана менчиктин түрүндөгү, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеген жарандары мугалимдик статуска ээ.

Педагогикалык билими жана квалификациясы жокторго квалификацияны жогорулатуучу тийиштүү кайра даярдыктан жана аттестациядан өткөндөн кийин мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринин педагогикалык кеңешинин чечими боюнча педагогдук иш жүргүзүү укугу берилет.

Квалификациясынын жетишсиздигине жана окуу-тарбия ишинин принциптерине сыйбаган адепсиз аракеттерине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

4-статья. Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери

Мугалимдин ишинин негизги принциптери:

— окуучуну окутууга, тарбиялоого, өнүктүрүүгө жекече багытталган мамиле;

— окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий каада-салттарга урмат көрсөтүүнү камсыз кылган окутуунун жана тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү;

— жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерди жана адеп-ахлактык дөөлөттөрү жактоо;

— окуучуларга алардын жынысы, этникалык теги, тили, тек жайы, диний ынанымы боюнча түздөн-түз же жекече же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча түздөн-түз тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө жана артыкчылык берүүгө жол бербөө;

— окуучуларды мекенди сүйүү, жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо;

— билим берүүнүн жолун жолдоочулугу;

— педагогикалык иштин уюштуруу усулдардын жана формаларын эркин тандап алуу;

— окутуу жана тарбия берүү принциптеринин биримдиги;

— илимдин, техниканын жана маданияттын эң соңку жетишкендиктеринин негизинде өз билимин өркүндөтүү;

— окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш;

— балдар жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бул ишке таламдаш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташтык болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 30-июлундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II Глава

Мугалимдин укуктары

5-статья. Мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары

Мыйзамда аныкталган зарыл билими жана тийиштүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар улутуна, жынысына, тилине, социалдык тегине жана туткан динине карабастан, педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.

Мугалим:

— мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген жана билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга;

— жаңы автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга;

— новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны ишке ашырууга;

— педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жүргүзүүгө;

— категорияны жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестацияланууга;

— белгиленген тартипте беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатып турууга;

— жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.

Мугалим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштырып иштөө укугунан пайдалана алат.

Мугалим мектепти башкарууга катышууга укуктуу.

Мугалимдин кызмат абалынын туруктуулугу ал мектепте билим берүү тутумун уюштуруу толук же жарым-жартылай өзгөртүлгөн учурда да кепилдикке алынат.

6-статья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо

Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны катары, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат.

Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектөө киргизбөөгө тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берүү калыстык менен жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө маалымдалууга тийиш.

Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы иштеп чыккан жана бекиткен жоболор менен жөнгө салынат.

Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт.

Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөсүз кийлигишүүгө укуксуз.

7-статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу

Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте белгиленет.

Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет.

Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн.

Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк, демөөрчүлүк каражаттардан педагог кызматкерлерине кошумча жана кошуп төлөөнү өз алдынча белгилей алат.

(Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы төлөнөт.

(Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден айлык акыны жыл ичинде толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат.

Мугалимдердин айлык акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, аны төлөп берүү «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жүргүзүлөт.

Бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жеңилдиктер жана айлык акысына кошумча төлөөлөр каралат.

Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу үчүн жер участоктору берилет.

Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеген илимдин кандидаты же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат.

Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, клубдарды, илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы төлөп берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 210, 2009-жылдын 25-июнундагы N 189, 2010-жылдын 26-мартындагы N 56, 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Социалдык жактан камсыз болуу укугу

Мамлекет мугалимди анын репродуктивдик функциясына байланышкан эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана социалдык жеңилдик шарттары менен камсыз кылат.

Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды бере алат.

9-статья. Эс алуу укугу

Мугалимдин эс алуу укугу окуу сааттарын сарамжал пландаштыруу, жумалык эс алуу берүү, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай жыл сайын төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен камсыз кылынат.

Мугалимдин жумуш күнүнүн жана жумуш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамында каралган чектерде белгиленет.

10-статья. Саламаттык сактоо укугу

Мугалим саламаттыгын сактоого укуктуу, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү менен ишке ашырылат.

Мугалимге жыл сайын мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелерде милдеттүү түрдө амбулаториялык жана медициналык текшерүү жүргүзүлөт.

Мугалим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жеңилдик шартта санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө санаториялык-курорттук дарыланууга, пансионаттарда жана туристтик базаларда эс алууга укуктуу.

11-статья. Жер үлүштөрү менен камсыз болуу укугу

Айыл жеринде жашаган мугалимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дыйкан жана фермер чарбаларынын мүчөлөрү менен бирдей эле жер үлүштөрүнө, кыймылсыз мүлккө жана башка мүлктөргө ээ болууга укуктуу.

Райондук борборлордо, шаарчаларда, районго жана областка баш ийген шаарларда жашаган жана иштеген мугалимдерге турак үйдү кезексиз куруу жана дача участогун бөлүп берүү укугу берилет.

12-статья. Жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү

окуу жайларынын педагогикалык факультеттерин

бүтүрүүчүлөрдү чыныгы аскер кызматына чакырууну

кийинкиге калтыруу укугу

Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө айыл жерлериндеги мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеген эмгектик ишинин бүткүл мезгилинде чыныгы аскер кызматына чакыруу кийинкиге калтырылат.

13-статья. Сыйлануу укугу

Жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүүнүн борбордук мамлекеттик башкаруу органы тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.

14-статья. Мугалимдин ишинин айрым түрлөрүнө чектөөлөр

Мугалимге:

— мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзүүгө;

— мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;

— шовинисттик, улутчул, милитаристтик идеологияларды жайылтууга;

— окуучуларды иш таштоо кыймылына жана саясий акцияларга тартууга;

— окуучуларга зордук-зомбулук кылууга тыюу салынат.

III Глава

Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги

15-статья. Мугалимдин милдеттери

Мугалим:

— окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинен кемитпей өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;

— окуу-тарбия ишин ата-энеге, улууларга, Кыргызстандын маданий-тарыхый байлыктарына, анын мамлекеттик түзүлүшүнө урмат көрсөтүү духунда жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө сарамжал мамилени тарбиялоого;

— жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерге: ак ниеттүүлүккө, эмгекти сүйүүгө, гуманизмге, патриотизмге, чындыкка, адилеттикке жана башка жакшы касиеттерге урмат көрсөтүүнү бекемдөөгө;

— өзүнүн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз өркүндөтүүгө;

— окуучулардын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого;

— окуучуларды өз ара түшүнүшүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аң-сезимдүү турмушка даярдоого;

— окуучулардын жекече чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

16-статья. Мугалимдин администрациялык, жарандык-укуктук жана

жазыктык жоопкерчилиги

Мугалим, укук тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

IV Глава

Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана

квалификациясын жогорулатуу

17-статья. Педагогикалык кадрларды даярдоо

Кыргыз Республикасында мугалим кадрларын кесиптик жагынан ар кыл типтеги, ар кандай түрдөгү жана менчиктин ар кандай формасындагы кесиптик педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары даярдайт.

Кесиптик педагогикалык окуу жайы инсандын, мамлекеттин жана коомдун алдында өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Кесиптик педагогикалык окуу жайдын ишинин анын уставында каралган максаттарга ылайык келээрине контролдукту өз компетенциясынын чегинде педагогикалык окуу жайдын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берген билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы ишке ашырат.

Мамлекеттик кесиптик педагогикалык окуу жайларга педагогикалык адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен мамлекеттик заказдын чегинде адистерди даярдоого кабыл алуу планы боюнча сынактык негизде жүргүзүлөт.

18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана

кайра даярдоо

Мамлекет мамлекеттик бардык типтеги мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн шарттарды түзүүнүн кепилдигин алат.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан Кыргыз билим берүү институту, мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн областтык институттары, жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдар же мекемелер менен келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Мамлекет мугалимдерге жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий-педагогикалык, окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш үчүн чыгармачылык өргүү берүүнүн кепилдигин алат.

Мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификация-

сын жогорулатуунун мыйзамдарда жөнгө салынбаган тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

V Глава

Корутунду жоболор

19-статья. Ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча

мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин,

уюмдардын жана кызмат адамдарынын милдети жана

жоопкерчилиги

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана алардын бирикмелери, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чегинде ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Мугалимдердин укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерин аткарбаган же чала аткарган кызмат адамдары жана башкалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Администрациялык башкаруу жагынан кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери менен мугалимдерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө толтурулат.

20-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам 2001-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

2000-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ

Мугалимдин статусу жөнүндө

(2014.18.07. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)

2000-жылдын 26-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

I Глава. Жалпы жоболор(1-4-статьялар)
II Глава. Мугалимдин укуктары(5-14-статьялар)
III Глава. Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги(15-16-статьялар)
IV Глава. Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу(17-18-статьялар)
V Глава. Корутунду жоболор(19-20-статьялар)

Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, мугалимдин иши менен байланышкан укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.

I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

КР 2005.18.07. № 105 Мыйзамына ылайык 1-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген

1-статья. Мугалимдин статусунун мазмуну

Мугалим — зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде  иштеп жаткан, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу киши.

Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.

Мугалим Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.

 

 

 

Мугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?

Түйүндүү түшүнүктөр: компетенция, компетенттүүлүк, кесиптик компетенттүүлү, адистик компетенттүүлүк, педагогикалык ишмердүүлүк, окутуу процесси, окуу предмети, класстык коллектив, коммуникабелдүүлүк, окуучулардын үйрөнүү денгээли, психологиялык компетенттүүлүк, ишмердүүлүк, улуттук баалуулук, адамзаттык баалуулук, мугалимдик көндүмдөр.
Мугалимдердин компетентүүлүгү же ишбилгилиги деген эмне? Кандай мугалимди ишбилги дей алабыз? Алардын мугалимдик кесипке компетенттүүлүгү кантип аныкталат? Так аныктоого негиз боло турган стандарт барбы? Жогорку окуу жайларда мугалимдин ишбилгилик сапаттары тууралуу студенттерге маалымат берилеби же бул өңүттө даярдалабы? Мугалимдик кесиптин кайсы адистиги боюнча? Бала бакча тарбиячысыбы, кенже окуучулар мугалимиби?, орто мектептин же жогорку окуу жайдын окутуучусубу? Адистердин кайсысынын компетенттүүлүгү кандай болуш керек? Жөнөкөй мугалим менен жетекчинин ишбилгилик деңгээли кандай аныкталат? Мугалимдин ишбилгилигин текшерип жатып, ал иштеген окуу жайдын абалы, мугалимдин ишинин ийгиликтүү болушуна таасири тууралуу эмнелерди эске алышыбыз керек? ж.б.у.с. суроолорго жооп издейли.
Жалпысынан алганда, мугалимдердин ишбилгилиги кайсы багыттар боюнча бааланышы керек?
Ал багыттар деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:
1. Педагогикалык кесиптик ишбилгилик
2. Окутуу-үйрөтүү процессин уюштура билгичтик
3. Инсандык психологияга аяр мамиле жасай билгичтик
4. Билим деңгээлинин жетиштүүлүгү, тармактык билимдин бекемдиги
5. Мугалимдик кесипке берилгендик, педагогдук ишмердүүлүктү аркалоо
6. Окуу программалары боюнча түшүнүк, кабардарлык деңгээли
7. Коммуникабелдүүлүк
8. Билимди, билгичтикти жана көндүмдү баалай алуу, баалоо критерийлерди билүү
9. Башка өзгөчөлүктөр (квалификацияны жогорулатуу, мыйзамдуулукту билүү ж.б.)
Мында мугалим адистерди даярдаган окуу жайларда үйрөтүү керек болгон компетенттүүлүк өзгөчөлүктөр тууралуу сөз болот. Мисалы, жогорку окуу жайдын мугалиминин болочок мугалимдерге үйрөткөн окутуу методдору тууралуу программадагы маалыматтардын тандалышы. Бул мугалимдердин тажрыйбасы, сапаты жана каалоосу, практика өткөрүлө турган мектептин сыпаты, факультеттеги (институттагы) шарттар, колдо болгон материалдар, аларды колдоно билүү, жетекчилик сапат, классты жетектөө, окуучулар менен болгон мамиле кандай болушу керектигин карап көрөлү.

1. Кесиптик-педагогикалык ишбилгилик
А. Кесиптик ишбилгилик
Темага жана тиешелүү билим тармакка байланыштуу белгилүү бир даражада маалыматы бар экендигин көрсөтүү. Предметти, түшүнүктөрдү, аткара турган иштерди так билүү. Окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын, кошумча материалды жана ыкманы колдоно билүү.
Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип, түшүнүктөрдү жатык тилде, төп келтире үйрөтө ала турганын көрсөтүү.

Б. Педагогикалык ишмердүүлүккө даярдык
Окуучулардын түшүнүктөрдү туура же туура эмес кабыл алгандыгын аныктап, зарыл болгон учурда түзөлтүү.
Окуучулардын каралган темага байланыштуу суроолоруна жеткиликтүү жооп бере алуу.
Окуучулардын билимине, үйрөнүүсүнө алардын физиологиялык, психологиялык, сезимталдык жана социалдык жактан өнүгүүсү таасир бере турганын билүү.
Предметтин окуу планга ылайык үйрөтүлүп жатканын билүү.
Предметтин өзгөчөлүгүнө, сабакта өтүлө турган материалга шайкеш келген методдорду жана технологияларды тандай билүү.
Окуу предметке, сабакка шайкеш келген маалыматтык технологияларды пайдалана билүү.
Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерин билүү.
Окуу предметке, сабак өтүүгө байланыштуу квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу.

2. Окутуу процессин уюштурууга карата ишбилгилик
а) Пландаштыруу
Сабактын максатын жана анын аягында окуучуларда күтүлүүчү билим, мамиле өзгөчөлүктөрүн так билдирүү.
Сабактын аягында окуучулардан күткөн өзгөчөлүктөрдү кантип үйрөтөөрүн пландаштыруу, бышыктоочу суроолорду тактоо.
Өтүлө турган темага кошумча материалдарды тандоо жана даярдоо.
Окуучулардын жекече, психологиялык, этикалык, социалдык-коомдук жана маданий жактан (кругозорунун) өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү иш-аракеттерди (оюн, кроссворд, роль, жекече же топтордо иштөө, көнүгүү ж.б.) пландаштаруу; теманы окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү, аны так калыптандыруу үчүн зарыл кошумча материалдарды колдонуу.
Пландаштырууда окуучулардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу.
Сабактын соңунда окуучулардын кандай өзгөргөндүгүнө, эмнени көрө билгендигине жараша баалоо.

б) Окутуу процесси
Окуучулардын социалдык, психологиялык, тил, сезим, туюм, маданий жактан өнүгүү өзгөчөлүктөрүн көрө билүү.
Ар бир окуучунун эмнеге кызыгаарын, ага эмне керек экендигин билүү.
Окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, анын жөндөмүн, кызыгуусун, үйрөнүү өзгөчөлүгүн билип, урмат менен мамиле кылуу.
Окуучуларды багыттап, кеп-кеңеш бере билүү.
Жаңы теманы мурда өтүлгөн жана кезектеги сабакта өтүлө турган темаларга байланыштыруу.
Окуучулардын кызыгууларына, ишмердүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү.
Окуучулардын жаш курактарына, буга чейинки билимдерине, жөндөмдүүлүктөрүнө жараша метод жана технология колдонуу.
Сабактын планында уланмалуулук жана баскычтуулук принциптерине ылайык, темаларды өз ара байланыштыруу.
Түрдүү методдорду ийкемдүү колдоно билүү.
Убакытты бөлүштүрүп, туура пайдалана билүү.
Сабактын темасына (максатына) ылайык, кошумча материалдарды пайдалана билүү.
Сабактардын мазмунун окуучулардын күнүмдүк турмушу менен байланыштыра билүү.
Ар бир окуучу менен иштөө, алардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо.
Тиешелүү окуу материалдарын жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүү.
Бир да окуучуну көз жаздымдан чыгарбай, аларга багыт берүү.
Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн түрдүү иш аракеттер (жеке, түгөй, топтук тапшырма берүү, көрсөтмөлүүлүк, практикалык иштер — экскурсия, эксперимент, байкоо, ж.б.), тиешелүү окутуу технологияларын колдоно билүү.
Окуучулар сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Окуучулардын жаш курактарына ылайык, алардын көңүлүн бурган, ойлонууга, изденүүгө түрткү берген суроолорду тандай билүү.
Окуучулардын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларга түрдүү тапшырмаларды берүү.
Өтүлө турган материалдагы терминдерди иреттүү үйрөтүү үчүн мисалдарды туура тандай билүү.
Сабактын соңунда окуучулардын алган билимин жана эмгегин объективдүү баалоо.
Окуучулардын жоопторуна талдоонун гана негизинде пикир билдирүү.
Окуучулардын эмгегин баалоодо колдонула турган ыкмаларды, тесттерди, суроолорду мурдатан тактоо.
Баалоодон кийинки натыйжага карап, окуу-тарбиялоону мындан ары натыйжалуу улантуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу.

в) Өз предметин жана тиешелүү окуу программаларды билүү
Өлкөнүн билим берүү мыйзамында аныкталган максатты, милдеттерди, принциптерди билүү жана аларды ишке ашыруу үчүн аракет жасоо.
Өз предмети боюнча окуу программаны, окутуу методдорун, технологиясын, принциптерин, колдонулуучу материалдарды жана кошумча булактарды пайдалануу жана окуучуларга багыт берүү.
Программаны өздөштүрүү деңгээлине жана билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта коюлган талаптарга жараша окуучулардын билиминин деңгээлин аныктоо жана баалоо.

г) Классты башкаруу
Ар бир окуучуга класста өз оюн так, толук айта ала турган мүмкүнчүлүк түзүү.
Сабакты максатына ылайык өтүү.
Сабакта тоскоол боло турган нерселерди азайтуу.
Окуучулардын сабактагы көңүл буруусунун туруктуулугуна жетишүү.
Окуучулардын позитивдүү мамилелерин, жүрүм-турумдарын колдоого алуу, мактоо.
Мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу.
Сабактын жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша жеке же топтук иштерди аткартуу, ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарт түзүү.

д) Коммуникабелдүүлүк
Бир нерсени так, туура, түшүнүктүү жатык тилде айтып берүү, багыттоо.
Класстын ичинде таасирдүү байланыш түзүү (окуучу-мугалим, окуучу-окуучу, мугалим-окуучу мамилелери).
Мектеп жетекчилери, кесиптештери, башка кызматкерлер, ата-энелер жана кызматташ окуу жайлар, мектептер, мектептен тышкаркы уюмдар менен өнөктөштүк.
Үндү таасирдүү пайдалануу.
Суроону өз убагында, туура койо билүү, суроо берүүдө үндүн тонун окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө карап өзгөртүү
Оозеки пикир алмашууда үндү жана жесттерди таасирдүү колдонуу (келбет, көз караш, колдор, мимика ж.б.)

е) Окуучулардын үйрөнүү даражаларын байкоо, жазуу, баалоо
Окуучулардын маалыматтарды, жаңылыктарды бат үйрөнүп, жасаган нерселерин, тапшырмаларын, эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге, бааларды жарыя угузуу, андан ары үйрөнүүгө түрткү берүү.
Жасалган иштерди (сынак, тапшырма, байкоо) жана ийгиликти жазуу, жыйынтыктарды окуучуга үзгүлтүксүз билдирип туруу.
Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тажрыйбалуу мугалимдердин кеңештерин пайдалануу, психолог менен кызматташуу. Окуучулардын үйрөнгөндөрүн баалоодо дайыма уланмалуулуктун маанилүүлүгүн билүү. 
Окуучунун академиялык ийгилигин улуттук баалоо стандарттарына таянып баалоо.

Инсандык психология боюнча компетенттүүлүк
Мугалимдин инсандын психологиялык багыты боюнча кесипке даярдыгы келечек муундарды тарбиялоодо өтө маанилүү экени талашсыз. Мугалим окуучуну инсан катары көрүп, ага ошондой мамиле кылат. Окуучулардын социалдык, маданий, жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып, эң жогорку денггээлде ага багыт жана жардам берүүгө аракеттенет. Окуучуларга өз мамилеси, жүрүш-турушу аркылуу үлгү болот. Башка мугалимдердин, жетекчилердин алгылыктуу тажрыйбаларын үйрөнөт, өзүн-өзү аңдап, дайыма өнүгүп туруу үчүн аракет жасайт. Жаңыны билгиси келет, өзү иштеген жердин да алдыда болушуна салым кошот. Кесибине тиешелүү нормативдүү документтерди изилдеп, эч кимдин укугуна зыян келтирбей тургандай мамиле кылат.
Мугалимдин предметтик адистиги кандай болсо да анын компотенттүүлүгүнүн негизин төмөнкүлөр түзөт.

А. окуучулардын ойлоруна маани берип, аларга урмат менен мамиле кылуу.
Бул эмнени түшүндүрөт:
— окуучуларга теориялык, практикалык жактан керек болгон билим, маалымат жана тажрыйбаларды көрсөтөт;
— окуучулардын бири-бири менен сый мамиледе болушуна маани берип, тапшырма бергенде алардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана жөндөмдөрүнө да карайт;
— окуучулар берген жооптордо камтылган ой-пикирлерге маани берет;
— класстык же класстан тышкаркы иштерде балдардын жекече каалоосуна, керектөөсүнө, мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө карайт;
— окуучулардын үй-бүлөлүк социалдык-экономикалык абалына карабастан бирдей мамиле кылат.

Б. Окуучулардын үйрөнө алаарына ишенүү
Бул эмнени билдирет:
— мугалим окуучулардын дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп туруусуна жардам берип, өзү ар дайым изденүү үстүндө болуусу, окуучуларга өздөрүнө, үйрөнө алаарына ишенгенди үйрөтүүсү керек;
— үйрөнүүгө тоскоол болгон нерсе же абалды изилдеп, окуучуларга ал тоскоолдуктарды жеңүүгө түрткү берүү;
— үйрөнүү, билим алуу, ийгиликке жетүүнүн түрдүү жолдору бар экенин айтуу;
— ар кандай деңгээлдеги окуучуларды окууга, үйрөнүүгө, изилдөөгө мотивациялоо;
— окуучулардын ийгиликтерин дайыма айтып, аларга көмөк көрсөтүү.

В. улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга маани берүү
Мугалим балдардын адамдык укугу, инсандык укугу, өлкөнүн негизги мыйзамы жана демократия принциптерин өздөштүрүп, ар бир коомдун өзүнө тиешелүү маданий структурасы, баалуулуктары болооруна түшүнүү менен мамиле кылуу, жалпы адамзаттын жана элдин баалуулуктарына маани берип, эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө таасир этээрин билүү, ортоктошуп иштөөгө, эл аралык биримдикти, достукту чыңдоого өз салымын кошуу менен бирге, окуучулардын да буларды үйрөнүшүнө шарт түзүү.

Г. Өзүн-өзү баалоо, сындоо.
Мугалим класстын ичинде жана класстан тышкаркы иштеринде сын көз караш менен карап, анализдөө, жаңы билим, маалымат жана ойлорго ачык болуу.

Д. Жеке билим денгээлин үзгүлтүксүз көтөрүү.
Мугалимдик кесипке байланыштуу жана башка милдеттерди өз каалоосу менен кабыл алышы, сабырдуулугу, кубаттуулугу, тырышчаактыгы, аракетчилдиги, чыгармачылык менен мамиле кылууусу маанилүү. Ар кандай окуяларга жана процесстерге сын көз менен карап, проблеманы чечүү жана коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу үчүн аракеттенүүсү зарыл.

Е. Кесипке байланыштуу жаңылыктардан артта калбай, ага кошумча киргизүү.
Өз кесибинде жетишпеген жактарын байкап, кесибин өркүндөтүү үчүн курстарга, чогулуштарга, семинарларга, тренингдерге катышып, кесипке байланыштуу мезгилдик басма сөз каражаттарын, китептерди окуу, өз тажрыйбасын башкаларга жайылтуу зарыл.

Ж. Мектептин өнүгүшүнө салым кошуу.
Мугалим билим берүүдө мектепти, окуучуларды, мугалимдерди бирдиктүү бир бүтүндүк катары карап, мектептин өнүгүшү үчүн башка тараптар менен мамиле түзө алышы маанилүү.
Мектептин өнүгүшүндө ар түрдү ийрим же башка иштерге катышып, активдүү позицияны ээлеши керек.

З. Мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгүн жана жоопкерчилигин толук түшүнүп, башкаларга жардамдашуу.
Мугалимдин укугу жана жоопкерчилиги тууралуу нормативдик документтерди окуу жана ага карата мамиле кылуу.

И. Мектеп, үй-бүлө жана коомдун байланышы.
Мектеп жайгашкан чөйрөнүн социалдык-экономикалык өзгөчөлүгүн билүү, анын айланасында жайгашкан ар түрдүү мекеме, ишкана, кафе-бар, фабрика, ж.б. өндүрүштүк ишканалардын балдардын өнүгүшүнө таасир тийгизерин билип, ага жараша камкордук көрүү.
Ал үчүн:
— чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, жамааттын ар мүчөсүн мектептин өнүгүшүнө салым кошууга чакыруу;
— мектептин айлана-чөйрөдөгү ишканалардан, мекемелерден ишмердүүлүгү боюнча өзгөчөлүгүн, т.а. мектептин иши — билим берүү экендигин, ал адамды тарбиялоо боюнча маанилүү жер экенин белгилөө;
— үй-бүлөнү таануу, ага тишелүү түрдүү иш аракеттерди уюштуруп, балдардын өнүгүүсүнө жана ийгилигине салым кошуу үчүн бирдикте иштөөгө чакыруу, пландар түзүү;
— мектепте уюшулган түрдүү тарбиялык иштерге ата-энелерди да тартуу.

К. Дидактикалык материалдарды даярдоо.
Мугалим бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, сабагына керектүү кошумча материал даярдоодо сабактын темасына байланышын билип, окуучулардын билиминин өнүгүшүнө таасир тийгизээрин эске алуусу зарыл.

Ошондуктан ал:
— карточкаларды, суроо кагаздарын даярдоодо окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алат;
— материал колдонууда компьтердик технологияны колдонот;
— материалдардын даярдалуусунда окуучулардын ой пикирин эске алат;
— материалдын теманы түшүндүрүүдө жардам бере турганына жана кайрадан колдонууга ыңгайлуулугуна карайт.

Л. Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу.
Ал үчүн мугалим:
— билим берүү, тарбиялоо иш аркеттеринин пайдалуулугун жогорулатуу жана бүтүндүгү үчүн класстан тышкаркы иштерди активдүү түрдө уюштурат. Музейлерге, театрга, парктарга, экскурсияга, фабрикаларга, өндүрүшкө баруу, айлана- чөйрө менен байланыш түзүү, ар түрдүү жарыш, мелдеш, конкурс, майрам аземдерин өткөрүү, окуучуларды жөндөмү жана каалоосуна жараша катыштырууга аракеттенет.
— ал иштерге керектүү материал, техникаларды даярдайт.

М. Убакытты туура колдонуу.
Мугалим өзүнө бөлүнгөн убакытты рационалдуу пайдалануу үчүн аны так бөлүштүрүп алат. Мисалы, убактысын сабакты түшүндүрүү, кайталоо, көнүгүү жасатуу, жаңы нерсени үйрөнүү ж.б. үчүн бөлүштүрөт.

Н. Кесиптик компетенттүүлүккө байланыштуу башка нерселер.
Алар:
— мугалимдик кесипке тиешелүү буйрук, жардык жана көрсөтмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу;
— сын-пикир, түзөтүү жана сунуштарга көңүл буруп, өзүн кесиптик жактан өнүктүүдө пайдалануу;
— өзүн-өзү өнүктүрүү аракетинде болуу;
— мектептин чогулуштарына, коомдук иштерине, ж.б. иш аракеттерине жигердүү катышуу;
— өз иш жана укугун жакшы билүү;
— кесибиндеги кээ бир маселелерди чече билүү;
— кесиптештери менен жакын мамиледе болуу, урмат менен мамиле кылуу;
— өз кесиби боюнча чеберчилигин жогорулатуу үчүн курстарга катышуу;
— иштеринде, кесиптештери, башка кызматкерлер жана окуучуларга ар дайым үлгү болуу;
— жакшы байкоочу болуу, ишинде колдонуу;
— мугалимдик кесиби менен сыймыктануу, окуучуларды билим алууга үйрөнүүгө салым кошууга багыт берет;
— билим берүү жана тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзөт, материалды колдонууда коргонуу коопсуздук (безопасность) шарттарын эске алат;
— класстын тазалыгы, жарыктыгы, жылуулук, кенендик ж.б. өзгөчөлүгүнө көңүл бурат;
— технологияны колдонууда башкаларга үлгү болот.
Жогоруда айтылгандарга кошумча иретинде мугалимдин иш билгилиги же жеткиликтүүлүгү туурасында баяндалган критерийлерге кошумча буларды айтууга болот.
Мугалимдин когнитивдик иш билгилигин анын дидактикалык-методикалык иш билгилигинен айырмалап жатып, мугалимдин өз ишин окутуу-тарбиялоо процессин ийгиликтүү жүзөгө ашуруу үчүн керек болгон кесиптик билим системасын тактоо, аныктоо зарылчылыгы туулат. Дидактикалык-методикалык иш билгилиги анын окутуу–тарбиялоо процессинде оперативдик жана мазмундук, теория жана практиканы бирдей алып кетүүсүн түшүндүрөт.
Кесиптик, дидактикалык-методикалык жеткиликтүүлүк, педагогикалык технология мугалимдин негизги иш билгилик сапатын аныктайт. Мугалимдин иш билгилиги анын бир теманын мазмуну талап кылган өзгөчөлүгүнө, максатына, принциптерине ылайык педагогикалык технологияны тандап, колдоно билүү көндүмү, машыккандыгы аркылуу аныкталат.
Мугалимдин дидактикалык-методикалык компетенттүүлүгү анын ишти так аткаруучулук кесипкөйлүгүнө байланыштуу аныкталат. Профессионализм — иш билгиликтин негизин түзөт.
Студенттердин пикирине караганда, мугалимдин иш билгилиги анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө тиешелүү баалуулуктарды, анын ичинде педагогикалык баалуулуктарды “Мен- профессионалмын” түшүнүгүн, кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңылануу компоненттерин өнүктүрүүгө аракеттенүүсү, кесиптик идеалга умтулуусу зарыл. Бул аныктама аркылуу, мугалимдин окутуу тарбиялоо ишин жүргүзүүдө билим берүүнүн кандай максат, принцип, баалуулук, идеалдарга карап иштетилгенин байкоого болот. Ага жараша иштин өзгөчөлүгү, ийгилиги, мугалимдин кайсы педагогикалык технологияны колдоно алуусу анын дидактикалык-методикалык компоненттүүлүгүн аныктайт. Мугалимдин дидактаклык-методикалык жактан ишбилгилиги кээ бир педагогикалык маселелерди чече билүсүнө байланыштуу бааланышы ыктымал.
Негизинен мугалимдин иш билгилиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтууга болот:
— окутуп жаткан предмети тууралуу терең билимге ээ болуусу, анын тигил же бул окутуу технологиясында камтылган принциптерин, концептуалдык идеясын билиши;
— мектепте окутуу-тарбиялоо иштерин уюштуруу болюнча жана предметти окутууда түрдүү методдорду, үйрөтүү жолдорун билип, долбоорлордо колдоно билүү;
— окутуу методдорун сабактын темасына карап тандоодо, логикалык ырааттуулуктун сакталышын билүү, ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө, айырмачылыгына карап педагогикалык технологияларды тандай алышы;
— тигил же бул педтехнологияны колдонууда ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киригизе алышы.
Өлкөбүздө мугалимдин компетенттүүлүгү тууралуу кеңири изилдөө жүргүзүлбөгөнүнөн бул изилдөөнүн зарылдыгын айтууга толук негиз бар. Мугалимдин кесиптик ишбилгилигин жогорулатууда билим өркүндөтүүчү курстардын мааниси өтө зор. Мугалимдин кесиптик иш билгилиги азыр өтө курч маселе болуп жаш муундарды базар экономикасы шарттарында коомго даярдоодо өтө маанилүү, анткени балдардын жашоосунда өзгөрүшү татаал болгон кээ бир сапаттар орун алат. Ошону менен катар педагогикалык иш билгликти мугалим өзү өнүктүрүүсү, билим берүү ишмердигин жогорулатуусу деп айтууга болот. Ал аркылуу мугалим кесиптик денгээлин жогорулата алат.

Компетенттүүлүк
Копетенция-латын тилинен COMPETERE-ээ болуу, шайкеш келүү, туура келүү дегенди түшүндүрөт.
Адамдардын ар турдүү билимдердин, билигичтиктерин элеметтерин жана иш-аракетттерин ыкмаларын белгилүү бир кырдаалда өз алдынча колдонууга болгон интегративдик жөндөмдуулүгү
Негизги компетенттүүлүктөр ( НК )
1. Маалымат компетентүүлүк: алынган тарыхый социалдык маалыматка сынчыл талдоо жасап курчап турган реалдуулука карата өз позициясын аргументтүү коргоп, аларды пайда болгон көз караштык системалар менен
менен салыштыра алат:
2. Социалдык коммуникативдик компетенттүүлүк: өз максаттарын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырат, позициялардын түрдүүлүгүн таануунун жана баалуулуктарга
(диний, этникалык, профессионалдык, инсандык ж.б.), башка адамдарга карата урматтоо мамилесинин негизинде өз көз караштарын маданияттуу коргой алат.
3. Өзүн уюштурууу жана проблемаларды чечүүчү копетенттүүлүгү:окуяларга жана инсандарга аргументтүү мүнөздөмө берет.
Предметтик компетенттүүлүктөр ( ПК )
1. Хронологиялык жана картографиялык: негизги даталарды атап хронологиясын тизмектей алат, окуяларды конкреттүү мезгилге шайкеш келтирет, тарыхый окуяларды тарыхый карта менен шайкеш келтире алат.
2. Тарыхый цивилизациялык: тарыхый окуяларды, көрүнүштөрдү сүрөттөп бере алат, тарыхый окуялардын себепти-натыйжалык байланыштарын айкындай алат, тарыхый окуяларды жана кырдаалдарды көрүнүштөрдү
салыштыра алат.
3. Этномаданий: адамдын, адамзаттын, айрым элдердин жашоосунун руханий-адептик негиздерин, Ата Мекендик жана дүйнөлүк тарыхты өздөзтүрүүгө кызыгат, улуттук жана жалпы адамзаттык
баалуулуктарга урматтоо менен мамиле жасайт.

4.Социалдык жарандык доорго оз изин , ордун калтырган тарыхый инсандардын аттарын атап бере алат , олкодогу жана азыркы учурдагы адамдардын социалдык руханий, адептик тажрыйбасынын негизинде тарыхый инсандарга муноздомо бере алат.