Эл аралык эне-тил күнү
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 21-февраль күнү «Эл аралык эне тил» күнүнө карата Хадира Саралаева жетектеген, 5-«А»классы тарабынан даярдалган салтанаттуу линейка болуп өттү. Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 21-февраль күнү «Эл аралык эне тил» күнүнө карата Хадира Саралаева жетектеген, 5-«А»классы тарабынан даярдалган салтанаттуу линейка болуп өттү.
Линейкада «Эл аралык эне тил» күнү жөнүндө маалыматтар айтылып, кыргыз тили жөнүндө көркөм ырлар окулуп, бийлер бийленди.
1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОНУН Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган 21-февраль «Эл аралык эне тил күнү» (International Mother Language Day) жыл сайын 2000-жылдан бери тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Бул майрамды «бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп дагы айтышат.
Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. ЮНЕСКОНУН изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 минге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Макаланы даярдаган: Айтолкун Алтынбекова
Материалдарды даярдаган: Бегайым Аманбекова.
Комментарии