“Илим,техника жана өндүрүш” жумалыгы
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин окуучулары «Илим, техника жана өндүрүш» жумалыгына катышып келишти.
Жумалык «Алтын Түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын областындагы филиалы тарабынан өткөрүлдү. Областтык туруна 9 команда катышып, Абылкасым Жутакеев орто мектебинин физика мугалими Сасыкулова Назгүл эжей жетектеген «Жаш техниктер» командасы: Таалайбек уулу Нурсултан
Кылычбек уулу Саламат
Мукашев Кенжебек
1-орунду камсыз кылышып, республикалык турга жолдомо алышты.
Жумалыктын жүрүшүндө
үй тапшырма Кыргызстан тоолуу экосистемалуу өлкө болгондуктан «Коопсуз жолдорду жана туннелдерди кантип курса болот?» деген темада кичи макет жасоо берилген
Жаш техниктер командасынын жасаган ишинин өзгөчөлүгү, кендерди казып алуудан кийинки топурактар жерде калып калбастан, топурактарды кайра иштетүү болгон.
«Жаш техниктер» командасынын мүчөлөрүнө республикалык туруна ийгиликтүү барып келишине тилектешбиз.💐💐
Макаланы даярдаган: Ташболотова Асема
Материалды даярдаган: Аманбекова Бегайым
Комментарии