23-февраль ата-мекенди коргоочулар күнү
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 22-февраль күнү «23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө» карата Салтанат Жекшенбай кызы жана Анара Тилебалдиева жетектеген кыздар уюму концерттик кече уюштурулду.
Концертте оюндар ойнотулуп белектер берилип, ыр, бийлер бийленди. Жана ошондой эле парламент тарабынан окуучу балдарга, агайларга жагымдуу маанай тартуулап, кирип келе жатканда музыка жана кол чабуулар менен тосуп алышты, агайларга өздөрүнүн сүрөттөрү чагылдырылган кружкалар белекке берилди.
1922-жылдан бери СССРде бул дата салттуу түрдө жыл сайын «Кызыл Армиянын күнү» , 1946-жылдан бери «Советтик Армиянын күнү» , 1949-жылдан 1991-жылга чейин «Советтик Армиянын жана Аскер-Дениз Флотунун күнү» катары белгиленип келет . 23-февраль аскердик кызматкерлерден башка бардык советтик жарандар үчүн жумуш күнү болгон .
Советтер Союзу жоюлгандан кийин бул майрам, Россияда, Кыргызстанда ж.б өлкөлөрдө “Ата Мекенди коргоочулар күнү” катары белгиленип келет. Ата Мекенди коргоочулар күнү бардык курактагы эркектердин майрамы.
Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн майрам катары эс алуу күнү катары жарыяланган.
Мырзаларды «Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз!!!
Макаланы даярдаган: Айтолкун Алтынбекова
Материалды даярдаган: Бегайым Аманбекова.
Комментарии