8-март
Нарын районунун Жан-Булак айылынын Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин мектеп парламенти жана мектеп парламентинин координатору Гүлнура Таалайбекова тарабынан «8-Март- Айымдардын эл аралык күнүнө» карата жагымдуу маанай тартууланды. Окуучу кыздарыбызды музыканын коштоосунда тосуп алышты жана мектеп парламентинин казынасынан 4050 сом тегерегинде акча каражаты бөлүнүп, 37 мугалим эжекелерибизди роза гүлү менен куттукташты.
Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет.
Кубанткан майрамыңыз чексиз болуп,
Кубана куттуктайбыз ташып, толуп.
Ден-соолук, узун өмүр сизге самап,
Турабыз биз жакшылыктан баарын каалап.
Майрамыңыздар менен урматтуу айымдар!!!???. Материалдарды даярдаган; Бегайым Аманбекова Макаланы даярдаган: Жазгул Кубатбекова.
Комментарии