Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнү
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 3-март күнү «3-март Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынган күнүнө» карата Изат Үркүнбаеванын жетекчилигинде 6-«А» классы салтанаттуу линейка коюп беришти.
Линейкада окуучулар туу жөнүндө маалыматтарды айтып, ырдап, бийлешти.
3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун бири болгон мамлекеттик туунун туулган күнү. Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. Мындан 30 жыл мурун, тактап айтканда 1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туу КРнын Жогорку Советинин атайын токтому менен бекитилген. Мына ошол күндөн тартып өлкөдө желек күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.
Өлкөнүн мамлекеттик туусу жарым жылга жакын убакытта жасалып атайын токтом менен бекитилген. Туунун авторлорунун бири сүрөтчү Жусуп Матаев болгон.
Туунун авторлору беш киши болушкан. Жусуп Матаевден сырткары авторлор тобуна Эдиль Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаров кирген. Желектин ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар.
Макаланы даярдаган: Айтолкун Алтынбекова. Материалдарды даярдаган: Бегайым Аманбекова.
Комментарии