Облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин окуучусу Таттуу Токтобекова даярдаган мугалими Аида Карыпбаеванын жетекчилиги менен химия предмети боюнча Республикалык Олимпиаданын облустук туруна катышып, ?2-орунду кымсыз кылып, олимпиаданын республикалык туруна жолдомо алды.
Олимпиаданын облустук туру эки этаптан туруп, биринчи этапта практикалык иш, экинчи этапта тест алынды. Олимпиадага Нарын облусунун райондорунан, Нарын шаарынан, Тогуз-Торо районунан 7 окуучу катышып, Нарын шаарындагы Түрк лицейинде ( лицей имени М.Субакожоева), 25-26-февраль күндөрү болуп өттү.
Таттуу Токтобекованы куттуктайбыз жана ийгилик каалайбыз! Жана ошондой эле даярдаган мугалими Аида Карыпбаеваны куттуктап, мыкты окуучуларды даярдап жатканына чоң ыраазычылык билдиребиз! Дагы көп орундарды багындыра бериңиздер!!!???
Макаланы даярдаган: Айтолкун Алтынбекова
Материалдарды даярдаган: Нурия Өмүрбекова
Комментарии