Ардагым апакем,кымбатым кызым
Нарын районунун Жан-Булак айылынын Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 4-март күнү «Ардагым апакем, кымбатым кызым» аталышындагы таймаш болуп өттү.
Таймаш Астра Асанкожоева тарабынан 2-«а» классынын окуучу кыздар жана алардын апаларына уюштурулду. Жалпысынан 14 кыз апалары менен катышып, «Эне мээрими» жана «Асыл зат» аталышындагы эки топко бөлүнүштү. Таймаш саламдашуу менен башталып, кыргыздын кыйырындагы сөздөр, бий өнөрү, ыр дүйнөсү, эне кыздын диалогу жана кызым мыкты кожойке сынактары менен уланды.
Таймаштын жыйынтыгында «Асыл зат» командасы 145 упай, ал эми » Эне мээрими» командасы 147 упай менен жеңишке жетишти.
Кимдир бирөө: «Эне байлыгы — анын кызы»-дейт. Бул чын. Бирок, бизде ага кошумча бар — «Эне байлыгы анын кызы болсо, кыздын күн нуру анын апасы».
Кыз үчүн анын биринчи үлгүсү, эң жакын досу жана биринчи кезекте анын энеси. Ал эми эне үчүн кызы чагылуу болуп саналат. Иш-чара эне менен кыздын ортосундагы мамилени бекемдөө, жакындатуу жана өсүп келе жаткан кыздарга апаларынын үлгү болуусу, сахнада өзүн алып жүрүү чеберчилигин өркүндөтүү максатта болуп өттү.
Макаланы даярдаган: Жазгул Кубатбекова
Материалдарды даярдаган: Бегайым Аманбекова
Комментарии