жаш актёрлор
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 25- февраль күнү «Улут болсом тилим менен улутмун» аталышындагы кыргыз тили жана адабияты мугалими Эркинбек Өмүрбеков жетектеген, «Жаш актёрлор» ийрими 8-«Б» классы тарабынан даярдалган салтанаттуу линейка болуп өттү .
Салтанаттуу линейка кыргыз тилинин гимни менен башталып , көркөм ырлар , доклад , маалыматтар менен уланып, сценка коюулуп, кыргыз республикасынын гимни менен аяктады.
Улут болсом – тилим менен улутмун. Ар бир эле эл өз эне тили менен сүйлөөсү зарыл. Ар бир улуттун өзүнүн улуттук тили бар. Мисалы кыргыздарда кыргыз тили, орустарда орус тили деген сыяктуу. Азыркы учурда тилин саткандар көбөйүп жатат. Кыргыздар орусча сүйлөп , жада калса өзүнүн улуттук кыргыз тилин унутуп койгондору да жок эмес. Ар бирибиз кыргыз тили, салттары менен сыймыктанып, урматтап сыйлашыбыз керек. Мисалы:мен өз эне тилим менен сыймыктанам жана ар дайым кыргыз тилинде сүйлөөгө аракет кылам жана баарыбыз өз тилибизди сактоого аракет кылышыбыз керек.
Макаланы даярдаган:Айдана Шадыканова
Материалды даярдаган : Нурия Өмүрбекова
Комментарии