«Миллионер болгуң келеби?»
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 14-февраль күнү математикалык билимдер декадасына карата Мирлан Кудайбердиев уюштурган «Миллионер болгуң келеби?» интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Оюнга 8-9-класстан 8 окуучу катышышты.
Оюндун жүрүшү:
1-тур «Мээге чабуул» ар бир окуучуга экиден суроо берилди.
2-тур «Категория».
3-тур «Логикалык суроолор».
3-турга 4 окуучу өтүп, жыйынтыгында:
?1-орунга Назик Маратбек кызы,
?2-орунга Айпери Жолболдиева, Кундуз Токтобаева,
?3-орунга Ализа Нурлан кызы ээ болду.
Жеңүүчүлөр грамота, белектер менен сыйланышты.
Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана катышкан окуучуларга ийгилик каалайбыз!
Макаланы даярдаган: Айтолкун Алтынбекова. Материалдарды даярдаган: Бегайым Аманбекова
Комментарии