Presentation
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 16-декабрь күнү англис тилинин жумалыгына карата окуучулар көргөзмө курал жасашып, аларды презентациялоо болуп өттү.
Таттыгүл Турдалиева жана Миржан Мамбетакунованын жетекчилигинде 9-«А»,»Б» класс, 8-«Б» класс, 7-«А» класс, 5-«Б» класстарынын окуучулары «The map of the USA» (АКШ картасы), «Presidents of the USA» (АКШ президенттери), жана «English speaking countries» (англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр) темасында көргөзмө куралдарды жасашып, аларды презентациялап беришти.
Окуучулар англис тилинде сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүп, кызыгуусун арттырып жана АКШ, АКШ президенттери жөнүндө, англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр тууралуу маалымат ала алышты.
Макаланы даярдаган: Айтолкун Алтынбекова
Материалдарды даярдаган: Бегайым Аманбекова.
Комментарии